АХМЕТОВ ЗАКИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АХМЕТОВ Заки (4. 5. 1928-жыл, Чыгыш Казакстан облусу, Улан району, Узун-Булак айылы ‒ 17. 12. 2002-жыл, Алматы шаары) ‒ адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1965), профессор (1966). Казакстан Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1975), академик (1983), Казакстан Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1978), Казакстан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996), Казакстан Илимдер академиясынын Ч. Валиханов атындагы сыйлыгынын лауреаты (1980). Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн. Ленинград шаарындагы Чыгыш таануу институтунда аспирант (1948‒1951), Казакстан кыздар мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра башчысы (1951‒1975), Казакстан Илимдер академиясынын М. О. Ауэзов атындагы Адабият жана өнөр институтунда директордун орун басары, директор, Казакстан Илимдер академиясынын окумуштуу секретары (1975‒1984), вице-президенти (1984‒1986), Казакстан Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты (1985). Фундаменталдуу илимий-изилдөөлөрү казак адабиятынын тарыхы менен теориясына, азыркы адабият таануудагы жаӊычылдык, көркөмдүк, чеберчилик, поэтикалык адабий байланыштар проблемаларына арналган. Абай таануу, Ауэзов таануу маселелери боюнча илимий монографияларды жазган. Абайдын толук чыгармалар жыйнагын (1954, 1957, 1970, 1995) даярдоого катышкан. Анын редакциясы астында «Адабият таануу терминдеринин сөздүгү» (1996) жарык көргөн. «Өлөӊ сөздүн теориясы» деген монографиясы 1992-жылы Кытайда жарык көргөн. Кыргыз илимпоз кадрларын даярдоодо да зор эмгеги бар.
Чыг.: Современное развитие и традиции казахской литературы. А.-А. 1978; Поэтика эпопеи «Путь Абая» в свете истории его создания. А.-А., 1984; Роман-эпопея Мухтара Ауэзова. А. 1997.
Ж. Медералиева.