АХМЕД ЯССАВИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АХМЕД ЯССАВИ (1105‒1166-жылдар, Яссы шаары) ‒ Орто Азиялык сопу акын, дин үгүтчүсү. Атадан эрте ажырап, адегенде Арсланбабдан, кийин Бухара (көрүнүктүү шейх Юсуф Хамадандан) медресесинен билим алган. Муфтий Юсуф Хамадан дүйнөдөн кайткандан кийин анын ордуна бир нече жыл казы, муфтий болуп иштеген. Чыгармаларын чагатай тилинде жазган. Анын сопулук идеяларды чагылткан ырлары жана диний окуусу ошол аймактагы элдерге тараган. Анын кеӊири таанымал болгон эмгеги «Акыл сөздөр жыйнагы» («Дивани хикмет», 1878) деген чыгармасы болуп саналат. Бул жыйнактагы ырларында ал элдик ырлардын, фольклордук чыгармалардын сүрөттөө формаларын кеӊири колдонгон. Адамдарды кайрымдуу, чынчыл, ак ниет, ынсаптуу болууга үндөгөн. Анын «Хикматлар» аттуу ырлар жыйнагы Ташкент шаарындагы Гафур Гулям атындагы басмадан (1991) жарык көргөн.
Ад.: Абдыразаков А. VI‒IX кылымдардагы поэтикалык эстеликтер. Б., 1994.

Ж. Медералиева.