АХМАТОВ Токтосун Керимбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АХМАТОВ Токтосун Керимбаевич (21. 12. 1929, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы ‒ 4. 1. 2009, Бишкек) ‒ тилчи, филология илимдеринин доктору (1969), профессор (1971), КР УИАсынын корреспондент мүчөсү (1984). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1982). Кыргыз тилинин фонетикасы (өзгөчө эксперименталдык фонетика), лексикологиясы, стилистикасы боюнча көрүнүктүү адис. Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайын (1947), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. КМУнун кыргыз тили кафедрасында доцент, улук илимий кызматкер-докторант, профессор, кафедра башчысы (1957‒1990), 1990-жылдан КР УИАсынын Тил илими институтунда сектор башчысы, 1998‒2005-жылдары директору болуп эмгектенген. 250дөн ашуун илимий эмгектери, анын ичинде мектеп жана ЖОЖдор үчүн окуу китептери бар. «Кыргыз тилинин Талас говору»

АХМАТОВ69.png

(1959), «Азыркы кыргыз тили» (1978), «Кыргыз адабий айтымынын негиздери» (2000), «Кыргыз адабий тилинин нормалары» (2003) ж. б. эмгектеринде кыргыз тилинин фонетикасы, тыбыштарды эксперимент жолу менен изилдөө, диалектология, орфоэпия, адабий тилдин нормалары, адабий айтым, стилистика боюнча маселелер иликтөөгө алынган. Бир нече медалдар менен сыйланган.

М. Молдалиева.