АХМАТОВ Кенжебай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АХМАТОВ Кенжебай (15. 8. 1932, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чырак айылы ‒ 1995, Бишкек) ‒ ботаник, биология илимдеринин доктору (1980). КМУну (1954), Кыргыз ССР УИАнын аспирантурасын (1957) бүтүргөн. 1971-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Ботананика багынын директорунун орун басары, 1975-жылдан директору, 1984-жылдан лаборатория башчысы болуп иштеген. Ал дарак өсүмдүктөрүнүн экологиясын жана өсүмдүк физиологиясын изилдеген. 60тан ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 3 монографиянын, 5 методикалык көрсөтмөнүн автору.

Эмг.: Адаптация древесных растений к засухе. Ф., 1978; Зимостойкость деревьев и кустарников интродуцированных в поясе еловых лесов Терской Ала-Тоо. Ф., 1960; Методы определения зимостойкости древесных растений. Ф., 1968; Кыргызстандын токойлоруна саякат. Ф., 1978; Устойчивость цветочно-декоративных растений в высокогорных условиях Кыргызской Республики. Б., 1995.