АХМАД-ШАХ ДУРРАНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АХМАД-ШАХ ДУРРАНИ (1722, Мултан, Панджаб провинциясы ‒ 16/23. 10. 1772, Тоба-Маруф, Афганистан) ‒ көз каранды эмес афган мамлекети ‒ Дуррани державасынын (1747‒1818) негиздөөчүсү. 1747-жылдан ал мамлекет башына келген соӊ, Дуррани («берметтин бермети») наамын алган жана ал чыккан абдали уруусу дурранилер уруусу деп атала баштаган. Иран шахы Надир-шах Афшардын жортуулдарына катышып, өзүн таланттуу аскер башчы катары көрсөткөн. Надир-шах дүйнөдөн кайткандан кийин (1747), Иран армиясынын курамындагы афган отряддары менен Афганистанга кайтып келип, бардык афган урууларын өзүнүн бийлиги астында бириктирген. Индияга, Иранга, Түштүк Түркстанга жортуулдарды уюштурган. 1748‒57-жылдары Пенжаб, Кашмир, Сирхинд, Синд, Хорасан, Балх, Белужистанды басып алган. 1761-жылы Патипаттын жанындагы салгылашууда маратхылардын аскерлерин талкалагандан кийин, Дурранилер державасы ири империяга айланган. Афганистандын шаарлары өсүп, маданияты гүлдөп, экономикасы жогорулаган.