АХЕМЕНИДДЕР МАМЛЕКЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АХЕМЕНИДДЕР МАМЛЕКЕТИ--Ахемениддер династиясынын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн, б. з. ч. 6‒4-кылымдарда өкүм сүргөн мамлекет. Ирандын азыркы Фарс провинциясын мекендеген перс урууларынын падышасы Кир II тарабынан негизделген. Б. з. ч. 553-жылы ал мурда баш ийип келген Мидия мамлекетине каршы аттанып, 550-жылы аны каратат. Кийинки жылы байыркы Эламдын борбору Сузы шаарын, үч жылдан кийин Кичи Азиянын облустары, Лидия падышалыгы, Армения каратылган. 545‒539-жылдар аралыгында чыгыш ирандык жана орто азиялык өлкөлөр баш ийдирилген. 539-жылы Вавилония, андан соӊ Сирия, Палестина, Финикия кыйратылган. Кирдин уулу Камбиз IIнин тушунда Египет, Нубия жана Ливиянын бир бөлүгү каратылган. 519‒512-жылдары Дарий I тарабынан Эгей деӊизиндеги аралдарды, Фракия, Македония жана Индиянын түн-батышы басып алынган. 6‒кылымдын аягына карата мамлекеттин аймагы Чыгыш Орто Азия жана Инд дарыясынан батышта Эгей жана Жер Ортолук деӊизге чейин, түндүк Армян тоосунан түштүк Нубияга чейинки аралыкка созулган. Каратылган элдер бир нече жолу перс эзүүсүнө каршы көтөрүлүштөргө чыгышкан. 5-кылымдын башында перстер гректер менен болгон согуштарда бир катар жеӊилүүлөргө учурайт. Жарым кылымга созулган грек-перс согуштары (500‒449) Ахемениддер мамлекетинин начарлоосуна алып келген. Б. з. ч. 327-жылы Александр Македонскийдин аскерлеринин соккусу астында кыйраган. Этностук жана социалдык курамы боюнча гана эмес, Ахемениддер империясынын аймактарынын өнүгүү деӊгээли да бир кылка болгон эмес.

Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр (Египет, Финикия, Вавилония, Элам жана Кичи Азия) менен катар анын курамына артта калган Балкан жарым аралындагы аймактар, көчмөн араб, скиф ж. б. уруулар да кирген. Башкаруу жана салык алуу системасын жөнгө салуу үчүн б. з. ч. 519-жылы Дарий I мамлекетти 20 административдик-аймакка — сатрапияга бөлгөн. Аларды башкаруу үчүн дайындалган сатраптар — «падышачылыкты сактоочулар» башкаруу, сот, салык чогултуу иштерин жүргүзүп, сатрапиялардын коопсуздугун камсыз кылышкан. Перс администрациясы финикиялыктарга, Кичи Азиядагы грек шаарларына автономия беришкен, айрым өлкөлөрдө (Кипр, Финикия, Киликия) жергиликтүү падышалардын династиялык башкаруусун, ошондой эле арабдардын, колхдордун, сактардын уруу башчыларынын бийлигин калтырып, ички иштерине кийлигишкен эмес. Империянын административдик борбору болгон Сузы шаарында мамлекетти башкаруунун борбордук аппараты жайгашып, мындан сырткары Персеполь, Вавилон, Экбатан шаарлары империянын борбору катарында пайдаланылган. Империядагы мамлекеттик иштер арамей тилинде, мындан сырткары расмий документтерди жазуу жергиликтүү элдердин тилдеринде (мисалы, Египетте кечегипеттик, Персепольдо элам) да жүргүзүлгөн. Ахемениддер мамлекетинин армиясы (атчан жана жөө аскерлер) негизинен перстер жана мидиялыктардан турган. Ири жүрүштөргө перстердин кол алдындагы элдер белгилүү санда аскер берүүгө милдеттүү болгон. Деӊиз салгылашуулары финикиялыктардын жана Эгей деӊизинин аралдарынын жашоочуларынын жардамы менен жүргүзүлгөн. Басып алган аймактарда көтөрүлүштөргө жол бербөө үчүн аскер гарнизондору жайгаштырылган. Ахемениддер доорунда искусствонун, архитектуранын көптөгөн шедеврлери жаралган. Алтындан жасалган асем буюмдар, пил сөөгүнөн жасалган ритондор, темир вазалар жана идиштер, лазуриттен жасалган скульптуралык чыгармалар кеӊири тараган. Пасаргада жана Персеполдогу падышалык сарайлар перс архитекту расынын көрүнүктүү эстеликтери болуп саналат.
Ад: Дьяконов М. М. Очерки истории древнего Ирана. М., 1961; Дандамаев М. А., Луконин В. Г., Культура и экономика древнего Ирана. М., 1980; Дандамаев М. А. Политическая история Ахеменидской державы. М., 1985.