АФРИКА ТИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АФРИКА ТИЛДЕРИ‒ Африка континентинде жашаган жергиликтүү калктардын тилдери. Ага көптөгөн топ жана майда топчолордон турган тилдер кирет. Ал семит-хамит же афразия тобундагы тилдер деп да аталат. Мисалы, семит тобунда: араб, бербер, кушит, хауса тобу сыяктуу 4 чоӊ топ бар; араб тилинде: Сауд Аравиясы, Араб Республикасы (Египет), Судан, Марокко, Алжир, Тунис, Ливия, Батыш Сахара (хасаний), Аравия жарым аралында жана Амхара, Тигра, Тиграм, Мавритания, Чад Республикасында калктар сүйлөшөт. Бул 4 тилдик топтордун бир нече топчолору бар. Бербер тобунда ‒ 6, кушит тобунда ‒ 12, хауса тобунда ‒ 8 топчолору, Бантуда ‒ 83 топ жана топчолор, Мандеде ‒ 10, Борбордук жана Чыгыш Судандагы тилдерде ‒ 17, Нилотто ‒ 19 топ жана топчолор жашайт. Топ жана топчолордун ичинде да көптөгөн диалектилик, говорлук бөлүкчөлөр бар. Малай-Полинезия тобун индонезиялык тилдик топтор түзөт. Африка континентинде индевропалык тилдерде африкаонерлер (метистер) жана англис, испан, португал, француз, хинди, гуджарат тилдеринде сүйлөгөн элдердин тилдик топтору бар.
Ад.: Африканское языкознание. М., 1963; Дюбуа У., Африка. Очерк по истории африканского континента и его обитателей. М., 1961; Численность и расселение народов мира. под ред. С. И. Брука. М., 1962; Атлас народов мира. М., 1964.