АФРИКА ОЮНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АФРИКА ОЮНДАРЫ ‒ Эл аралык Олимпиялык комитеттин колдоосу менен өтүүчү региондук оюндар. Африка элдеринин спорттук мелдештери. «Биримдик жана ынтымактык» деген ураан менен 1965-жылы уюштурулган Африкадагы Жогорку спорт кеӊеши өткөрөт. Африка оюндарынын программасына баскетбол, волейбол, гандбол, бокс, күрөш, теннис, велоспорт, дзюдо, жеӊил атлетика, сууда сүзүү жана футбол кирет. Африка оюндары 1965‒2003-жылдарда 8 жолу өткөрүлгөн: 1965 (Бразаввиль шаары, Конго), 1973 (Лаос шаары, Нигерия), 1978 (Алжир шаары, Алжир), 1987 (Найроби шаары, Кения), 1989 (Йоккансбург шаары, ТАР), 1991 (Каир шаары, Египет), 1995 (Хараре шаары, Зимбабве), 2003 (Абуджа шаары, Нигерия).