АФРИГИД МАДАНИЯТЫ
Jump to navigation
Jump to search
АФРИГИД МАДАНИЯТЫ‒ биздин замандын 5‒8-кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Хорезмдеги Афригид династиясынын аты менен аталган Афригид маданиятынын эстеликтерин 1937‒1940-жылдары археолог С. П. Толстов изилдеген. Анын калыптануусу учурунда байыркы шаарлар акырындап жоголо баштап, анын ордуна чет-жакадагы жер ээлеринин сепилдери жана анын айланасында отурукташып жаткан калктын турак жайлары пайда болгон. Афригид маданиятынын аймагынын акыркы мезгилинде жаӊы шаарлар өнүгө баштаган. Карапа идиштерди кол менен жасашкан. Афригид маданиятынын эстеликтеринен темир канжар, үч кырдуу жебенин учтары жана башкалар табылган.