АФИНЫ байыркы шаар-мамлекет

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АФИНЫ, Б а й ы р к ы ‒ Байыркы Грекиянын тарыхында жана маданиятында Спарта менен катар эле чоӊ роль ойногон Аттикадагы шаар-мамлекет (полис). Афинынын тарыхы бир нече доорго бөлүнөт. Эзелки Афины (б. з. ч. 2 миӊинчи жылдан 6-кылымга чейин). Археологиялык изилдөөлөр боюнча Микен доорунда эле Акрополдун айланасында чеп, дубал менен курчалган алгачкы турак жайлар салынган. Аттикадагы уруу жамааттарында акырындап жердин көбү аристократтардын менчигине өткөн. Карыздар болгон дыйкандар жеринен гана эмес, эркиндигинен да ажыраган. Карыз эркин адамдарды кулга айландыруунун бир булагы болгон. Б. з. ч. 594‒593-жылдарда демостун кысымы астында Солон реформа жүргүзүп, ал боюнча дыйкандардын карыздары жоюлган жана эркин афиналыктарды карыз үчүн кулга айландырууга тыюу салынган. 560-жылдар ченде Афиныда саясий төӊкөрүш болуп, Писистраттын тираниясы орнойт. Ал дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзгөн. 508-жылы Клисфен жетектеген демостун көтөрүлүшү жеӊишке жетишкен. Клисфен жүргүзгөн реформанын натыйжасында уруулук түзүлүштүн калдыктары жоюлуп, кул ээлөөчүлүк мамлекет түптөлгөн. Грек-Персия согушунда (б. з. ч. 500‒449) Афины чоӊ роль ойногон. Ионийлик шаарлардын көтөрүлүшүн колдоп, перстерди жеӊген, грек мамлекеттеринин коргонуу союзуна биринчилерден кирген (490), кийинчерээк А. Делос союзун жетектеп калган. Афиныда ошол кезде эӊ прогрессчил мамлекеттик түзүлүш ‒ кул ээлөөчүлүк демократия орнотулуп, Периклдин убагында Афины эӊ жогорку гүлдөөгө жетишкен, жогорку бийлик элдик чогулушка өткөн. Маданият, курулуш иши мыкты өнүккөн. Акрополь ансамбли дүйнөлүк архитектуранын эӊ сонун үлгүсү болуп калды. Бирок Афины державасынын ичиндеги карама-каршылыктар анын башка полистер менен кагылышуусуна түрткү болгон жана бүткүл Грецияны бүлүнткөн Пелопонесс согушунун (431‒404) чыгышына алып келген. Бул согушта Афины жеӊилип, Грекиядагы өзүнүн мурдагы маанисин биротоло жоготкон. Эллин доорунда Афинынын абалы бир нече жолу өзгөрүп, кээде узакка болбосо да, көз каранды эместикке жетишип, айрым учурда Македония аскер гарнизонун киргизип турган. Б. з. ч. 146-жылы Афиныда Рим үстөмдүгү орногон. 88-жылы А. Римге каршы кыймылга кошулган, 86-жылы римдик кол башчы Корнелий Сулла Афиныны каратып алат.

Ад.: История древней Греции.: под ред. В. И. Авдиева, А. Г. Бокщанина. М., 1972.