АФИНЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АФИНЫ (жаӊы грекче Aqhnаi) ‒ Грекия Республикасынын борбор шаары. Түштүк Европадагы эӊ ири шаарлардын бири. Аттика номунун (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Администрациялык жактан муниципалдык округдарга (демосторго) бөлүнгөн. Калкы 753 миӊ (2010; Пирей шаары жана шаар айланасы менен Чоӊ Афиныныны түзүп, калкы 3,9 млнго жетет). Шаар Аттика жарым ааралында, Эгей деӊизинин Сароникос булуӊунун жээгиндеги дөбөчөлөрдө (Ликавит, Акрополь, Ареопаг, Пникс, Филопаппа ж. б.), Педион өрөөнүндө жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому (башкы магистралдык жолдору Салоникага, андан ары Македония, Болгария жана Түркиянын чек араларына жетет). Темир жол тармактары шаарды Пелопоннес жарым аралы жана өлкөнүн батыш бөлүгү менен байланыштырат. Эл аралык аэропорттору, метрополитен (Афиныны Пирей менен байланыштырат) бар. Афинынын аванпорту ‒ Пирей Грекиянын ири порту.
Афинынын так негизделген жылы белгисиз. Анын аталышын байыркы гректер шаардын колдоочусу деп саналган Афина Паллада кудайы менен байланыштырган. Уламыш боюнча азыркы Афины шаары жайгашкан жерге адамдар биздин заманга чейин 16‒13-кылымдарда отурукташа баштаган. Афины байыркы Аттикадагы ири экономикалык, саясий жана маданий борбор, өз алдынча шаар-мамлекет болгон (к. Афины Байыркы). Ал биздин заманга чейин 146-жылдан биздин замандын 395-жылына чейин Рим империясына, 395‒1204-жылдары Византияга караган. 1204‒1458-жылдарда Афины герцогдугунун борбору. 1458-жылдары түрктөр тарабынан басылып алынган. 1834-жылдан Грекиянын борбору жана королдук резиденция. Эл аралык туризмдин (2000-жылы 10 млн) борбору. Көптөгөн конгресс, симпозиумдар (өзгөчө тарых жана искусство жаатында) өткөрүлөт. Архитектурасы шаарга кайталангыс көрк берип турат. Афинынын тарыхый чордону болгон Афины Акрополу көтөрүлүп турат (Бүткүл Дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген). Этегинде Агора аянты жайгашкан. Түштүгүнөн Дионис театры (6-кылым ‒ биздин заманга чейин 326-ж.) жана Аттикадагы Герод одеону (биздин замандын 161-жылынан кийин) Акрополго жалгашат. Илгери алар үстү жабык узун галерея (биздин заманга чейин 2-кылым) менен байланышып турган. Рим Сенатору Филопапптын күмбөзү (114‒116), Керамик аймагынын некрополу («Керамик» музейи, биздин заманга чейин 5‒4-кылым), Гефестейон храмы (же Тезейон биздин заманга чейин 449‒444), Агриппа жана Гимнасия одеондорунун калдыктары (биздин заманга чейин 1-кылымдын аягы ‒ биздин замандын 2-кылымы; бардыгы Агорада), Лисикраттын эстелиги (биздин заманга чейин 335‒334), Зевс храмы, Византия доорундагы чиркөөлөр (Ыйык Апостол, 1000‒25; Ыйык Феодор, 1065-жыл чен; Ыйык Екатерина, 11‒12-кылымдар, Кичи Митрополия, 12-кылым ж. б.), Жаӊы шаардын чегинде 11-кылымдын кечилканалары, Элевсиндин калдыктары сакталган. Классицизм стилиндеги курулуштар, эски король сарайы (учурда парламент жайгашкан), театр, ИА (1926), университеттер (техникалык, улуттук), жогорку мектептер, «Атенеум» консерваториясы, китепканалар, музейлер, улуттук живопись галереясы (1900-жылдан) бар. Эл аралык (вокалист, пианисттер, дирижёр, композиторлор) конкурстар өткөрүлүп турат. 1896-жылы, 2004-жылы XXVIII Олимпия оюндары өткөрүлгөн.
Афины ‒ Грекиянын башкы экономикалык борбору. Металлургия, машина куруу (анын ичинен кеме, автомобиль), нефть ажыратуу, химиялык, целлюлоза-кагаз, текстиль, булгаары-бут кийим, тигүү, тамак-аш, тамеки, цемент өнөр жайлары, азот кислотасы өндүрүшү (Пирейде) бар. Суунун жетишсиздигинен шаар жакшы жашылдандырылган эмес. Боз түшүп (смог) турат.
Ад.: Колобова К. М. Древний город Афины и его памятники. Л., 1961; Сидорова Н. А. Афины. 2-е изд. М., 1884; Беспалов О. Г., Звонов Н. В. Афины. М., 1998.

Р. Карачалова, А. Орозов.