АФГАН КОНФЛИКТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АФГАН КОНФЛИКТИ (1979‒89) ‒ СССРдин аскерлеринин Афганистанга басып кирип, анын ички иштерине кийлигишүүсүнө байланыштуу келип чыккан согуштук жаӊжал. 1970-жылдын аягында Афганистан ири державалар — СССР жана АКШнын, ошондой эле коӊшу мамлекеттердин ортосундагы курч геосаясий атаандашуу чөйрөсүнө айланган. Советтик жетекчилик Афганистанда өз позициясын бекемдөөнү көздөгөн. Ошол эле учурда АКШ өкмөтү СССРдин Азиядагы таасиринин күчөшүнө жол бербөөгө аракеттенген. 1965-жылы СССР Мамлекттик коопсуздук комитетинин (МКК) жардамы менен Афганистан Элдик Демократиялык партиясы уюшулуп (АЭДП), кийин ал экиге бөлүнгөн. «Хальк» тобун Н. М. Тараки, Х. Амин, ал эми «Парчам» тобун Б. Кармаль жетектеген. Мухаммед Дауддун өкмөтү АЭДПга кысым көрсөтүп, 1978-жылы 26-апрелде анын жетекчилерин камакка алган. Кийинки күнү Кабулдагы аскердик күчтөрдүн көтөрүлүшү башталып, Дауд үй-бүлөсү менен өлтүрүлгөн. Ошентип, Афганистанда АЭДПнын бийлиги орногон. Жаӊы өкмөт СССРдин көрсөтмөсү менен социалисттик өнүгүү жолуна түшкөн. Өлкөдө жүргүзүлө баштаган жер реформасы, динге каршы саясат жергиликтүү көчмөн уруулардын нааразычылыгын пайда кылып, оппозициянын куралдуу каршылык көрсөтүүсү күч алган. Афган өкмөтү СССР менен «Достук, кызматташтык жана ынтымак» тууралуу келишимге кол коюп (1978), Москвага таянган. АЭДПнын жетекчилеринин ич ара келишпестиктери да күчөп, Кармалдын тобу жеӊилген, ал өзү Чехословакияга элчиликке жөнөтүлгөн. Кийинчерээк Тараки (1979, октябрь) өлтүрүлүп, бийлик Х. Аминге өткөн. Афганистандагы советтик атайын кызматтардын маалыматтары боюнча, Аминдин өкмөтү башка өлкөлөр менен да жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада советтик жетекчилик Аминдин өкмөтүнө ишеним көргөзбөй калган. 1979-жылы 12-декабрда Л. И. Брежнев жетектеген КПСС БКнын Саясий бюросунун атайын комиссиясы Афганистан Демократиялык Республикасына (АДР) аскерлерди киргизүү тууралуу чечим кабыл алган. 16-декабрда 40-армиянын талаа башкармалыгы уюшулуп, запастан 50 миӊ жоокер чакырылган (негизинен Орто Азиялык жергиликтүү улуттардын өкүлдөрүнөн). Советтик аскерлерди киргизүү 25-декабрда башталган. Кабулга түшүрүлгөн аба-десант дивизиясынын бөлүктөрү маанилүү административдик объектилерге көзөмөл орноткон.

Афган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстеликти ачуу аземи (Бишкек).

27-декабрда СССР МККнын атайын бөлүктөрү Х. Амин отурган сарайга чабуул коюп, салгылашуу учурунда ал курман болгон. Анын ордуна Б. Кармаль бийликке келген. 1980-жылы январдын ортосунда 40-армия толугу менен Афганистанга киргизилген [аларга советтик аскерлердин Афганстандагы чектелген контингенти (САЧК) деген аталыш берилген]. Узакка созулган кармашууларга карабастан, оппозиция АЭДПнын режимин кулата алган эмес, ошол эле учурда АДР менен САЧКнын бириккен күчтөрү оппозицияны жок кыла алган жок. Афганистанда бийликке М. Наджибулланын келиши (1986, май) менен АЭДП жаӊы «улуттук жарашуу» саясатын баштаган жана тез арада согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөргө барууну билдирген. Бирок, моджахеддердин лидерлери «толук жеӊишке жеткенге чейин» согушту уланта берүүнү чечкен. 1986-жылы февралда М. С. Горбачев афган тарап менен бирдикте акырындык менен советтик аскерлерди чыгарып кетүү жөнүндө макулдашылгандыгын билдирген. 1986-жылы күзүндө Афганистандан САЧКнын 6 полку чыгарылган. 1988-жылы 14-апрелде Женевада АКШ, СССРдин катышуусу менен Афганистан жана Пакистандын ортосунда афган маселесин жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык 1988-жылдын 15-майынан 1989-жылдын 15-февралына чейин советтик аскерлер Афганистан Республикасынан толук чыгарылган. 1992-жылдын 1-январынан СССР менен АКШ афган өкмөтүнө жана моджахеддерге согуштук жардам көрсөтүүнү токтотушкан. СССРдин Афганистандагы жоготуулары 14,5 миӊ кишини түзгөн. Афганистандагы согуштук аракеттерге катышкан жана эрдик көрсөткөн 200 миӊден ашык аскер кызматчылары орден, медалдар менен сыйланышкан; 66 аскер кызматкерине Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Кыргызстандан САЧКнын катарында 7330 жоокер кызмат өтөп, 259 киши курман болгон, төртөө дайынсыз жоголгон (Кудайбергенов Нурбек Шамшидинович, Харитонов Евгений Иванович, Зимонтовский Петр Алексеевич, Кочкоров Орозали Токтоназарович). Жалал-Абад облусунун тургуну Исламов Юрий Вериковичке өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Афганистанда кызмат өтөгөн ардагерлер, майыптар, курман болгондордун үй-бүлөлөрүн бириктирип, алардын ар кыл маселелерин чечүүгө жардам берип келген «Афган согушунун ардагерлеринин республикалык Кеӊеши» коомдук уюму 1996-жылдан иш жүргүзүүдө. 1999-жылы өлкөбүзгө террорчулар кол салган учурда Афган согушунун ардагерлеринин Кеӊешинин демилгеси менен ардагер-афганчылардан ыктыярдуу «А» батальону уюшулуп, Мекенибизге коркунуч туулуп турган кырдаалда өзүлөрүн чыныгы патриоттор экендигин көрсөтүштү. Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп афган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик тургузулган.
Ад.: Война в Афганистане. М., 1991; Громов Б. В. Ограниченный контингент. М, 1994; Никитенко Е. Г. Афганистан: От войны 80-х до прогноза новых войн. М., 2004; Ооганстанда курман болгон жоокерлерди эскерүү китеби ‒ Книга памяти воинов, погибших в Афганистане, Б., 2003.

Н. Төрөбеков, А. Орозов.