АФАНАСЬЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АФАНАСЬЕВ Михаил Денисович (7. 1. 1923-жылы туулган, Чүй облусу, Чүй районуну, Старая Покровка айылы ‒ 12. 10. 1986, ошол эле жер) ‒ Советтер Союзунун Баатыры (1945). 1943-жылы Чкалов аскердик авиация мектебин бүтүргөн. Кызыл Армияга 1941-жылы чакырылып, согушка 1943-жылдан катышкан. 807-штурмалоочу авиациалык полкунда (1-Балтика бою фронту, 3-аба армиясы, 206-штурмалоочу авиациялык дивизия) звено командири болуп кызмат өтөгөн.

АФАНАСЬЕВ48.png

1943‒44-жылдары Мелитополь, Севастополь, Тырва, Тарту ж. б. жерлерде салгылашып, 1945-жылы январь айында 140 жолу согуштук учуш жасап, душмандын техникасын, көп сандаган аскерин жок кылган. Ленин, эки Кызыл Туу жана 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.