АТ СПОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТ СПОРТУ - атчан аткарылуучу машыгуулар жана мелдештер. Негизги түрлөрү: ат үйрөтүү, ат ойнотуу, тоскоолдордон секиртип өтүү, спорттун үч түрү ‒ манежде жүрүү (негизги аллюрларга көнүгүү), талаада сыноо (жолдо жүрүү, стипл-чейз, кросс) жана тоскоолдордон өтүү, ат чабыш, атчан аӊ уулоо, волтижировка ж. б. А т ү й р ө т ү ү ‒ түрдүү ат жүрүшүндө (аллюрда) башкаруу чеберчилиги боюнча мелдеши 20‒40 м же 20‒60 м аянтта (5‒12 мин) созулат Ат спорту 1912-жылдан Олимпиялык оюндардын программасына кирген. 1966-жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт. А т о й н о т у у. Чабандес чаап баратып, аттан секирип түшүп, бутун жерге тийгизип кайра ыргып минет, аттын бооруна салаӊдап асылат, таскактаган ат үстүндө мээлегенин жазбай атып, акробатика көнүгүүлөрүн жасап, кайраттуулугун, шамдагайлыгын, күчтүүлүгүн жана чеберчилигин көрсөтөт. Ат ойнотуу боюнча 20-кылымдан баштап мелдеш өткөрүлүп, кийин кавалеристтерди, атчан спортчуларды даярдоодо колдонулуп келет. Ат ойнотуу жанрына окшош спорттун түрү вольтижировка деп

АТ СПОРТУ37.png

аталат. Т о с к о о л д у к т а р д а н с е к и р т и п ө т ү ү ‒ спортчунун чечкиндүүлүгүн, кеӊири жердеги аллюрда ат башкарууну жана ар түрдүү тоскоолдуктардан өтүүдө багытты тез тандап билүүнү талап кылат. Тоскоолдуктар белгилүү Ат спортунун талабына ылайык тизилет. Тоскоолдордун бийиктиги, узундугу, туурасы жана аралыгы Ат спортунун түрүнө жана эрежесине байланыштуу болот. Бекем орнотулган таштан жана кыштан курулган тоскоолдордун үстүнө чөптөн же чырпыкчалардан төшөлүп, ат жаракат албашы үчүн шарт түзүлөт. Ошондой эле устундар, шыргыйлар аттын буту тийгенде (туягы же тизеси) оӊой эле кулап кеткидей кылып коюлат. Жай мезгилде мелдеш 80‒100 мден кем эмес өлчөмдөгү аянтта, кышында да анча чоӊ эмес, жабык имаратта (20‒30 м манежде) өткөрүлөт. Спорттук көнүгүүнүн үч түрү боюнча мелдеш ‒ Ат спортунун эӊ татаал түрүнүн бири. Мында спортчу жана аттын жакшы даярдыгы талап кылынат. Азыр Ат спортунун үч түрү бар: а) атты негизги программага ылайык таптоо; б) спортко машыктырылган атты кыска программа бюнча таптоо; в) спортко жаӊыдан тартылган атты таптоо. Ат спортунун 3 түрүнөн мелдештер өткөрүлөт. Бул спорттун үч түрүнүн бирдей аткарылуучу түрлөрү бар жана алар бири биринен аткарылуучу элементтеринин татаалдыгы менен айырмаланат. Мелдеште ат 1-күнү манежде, 2-күнү талаада, 3-күнү тоскоолдуктан өтөт. Ат спортунун Эл аралык федерациясы 1921-жылы түзүлгөн. 1925-жылдан Ат спорту боюнчача бүткүл армиялык, осоавиахимдик (1936), бүткүл союздук (1938) мелдештер өткөрүлгөн. Ошондон бери Эл аралык федерация жыл сайын бир катар официалдуу мелдештерди уюштурат. Кыргызстанда 1948-жылдан республиканын биринчилиги үчүн мелдештер өткөрүлүп, Ат спорту өнүгө баштаган. 1951-жылы Москва шаарында өткөрүлгөн биринчиликте Ысык-Көлдөгү № 54-жылкы заводунун «Гвидон» деген аты менен П. И. Мансуров СССРдин чемпиону наамын алган. Кийинки мезгилде эл аралык ар кандай мелдештерге катышып жеӊишке ээ болгон Ат спортунун өкүлдөрү ‒ М. Мурсалимов, В. Хаматов, Ж. Адамкулов, М. Мамытов ж. б-лар. Ат спорту боюнча атактуу спортчуларды республиканын спорт мектеби даярдайт.

М. К. Саралаев .