АТ КОЮУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТ КОЮУ‒ наристеге ысым берүү каадасы. Ыйгарылган ысым дүйнөгө жаӊы келген наристенин өз ата-энесинен, коомунан алган эӊ алгачкы белеги. Ошондуктан ат тандоо ата-эненин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ыйык парзы. Кыргыз турмушунда Ат коюунун белгилүү убактысы болгон эмес, ал төрөлгөн күнү, 1‒2 айдан кийин деле коюла берген. Ат коюуну атасы ошол жердеги аксакал, кадыр-барктуу, атактуулардын бирине тапшырган, ал адам баланын ысмын атаган. Азанчы коюла турган атты наристенин кулагына шыбырап, андан кийин азан чакырып, ысым берген. Наристеге Ат коюу үчүн чакырылган адамга сый көрсөтүп, үстүнө чапан жапкан. Ат коюучу адегенде наристени бир сыйра карап, денесиндеги мүнөздүү белгилерди байкап, ошого жараша ат тандаган. Мисалы, калдуу болсо Калык, Калыбек, анарлуу болсо Анара, Анаркан ж. б; аптанын кайсы күнүндө төрөлсө Дүйшө, Шейшекан, Шаршен, Бейше, Жумабек, Ишемкул, Жекшенбай ж. б.; Совет заманында Марлен, Ильичбек, Мелис, Индира сыяктуу ысымдар; кыздар көп төрөлсө эркек төрөлсүн деп Бурул, Жаӊыл; баласыз болуп жүрсө: Тилек, Сагынбек; атасы улгайган киши болсо Карыбек, Эрмек, Жетимиш, Сексенаалы, Токсонбай; эгиз төрөлсө уйкаштырып, Асан-Үсөн, Үсейин-Кусейин, Апал-Үпөл же Асан-Үпөл; ата-эне жакшылыкка күбө болсо Акжолтой ж. б. Балдары токтобогон үй-бүлөдө кезектеги наристе төрөлөөр замат журт которгон, баланы эски журтка ырымдап таштап, кайра алганда Таштанды, Табылды, Турганбүбү, Токтокан ж. б. аттарды коюшкан. Мындай ысымдар магиялык мааниде болуп, тукумду аман-эсен сактап калуу аракети болгон.

                                                                                                                    Б. Солтонбеков.