АТ АТООЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТ АТООЧ ‒ заттын же анын белгилеринин туруктуу касиетин ажыратпастан жалпы мааниде көргөзгөн сөз түркүмү. Маанисине карай жактама (мен, сен, ал), шилтеме (бул, тигил), сурама (ким, эмне), тангыч (эч ким, эч кандай), аныктама (бүтүн, ар бир), белгисиз (бирдеме, кимдир) болуп бөлүнөт.