АТ-ОЙНОК КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТ-ОЙНОК КЫРКА ТООСУ--Батыш Теӊир-Тоодо. Кара-Суу (оӊ), Кара-Кулжа сууларынын (Узун-Акматтын оӊ куймасы) жана Нарындын төмөнкү куймаларынын (Ит-Сай, Ак-Сай-Башы, Токтобек-Сай, Томатерек ж. б.) аралыгында. Талас Ала-Тоосу менен Чаткал кырка тоосу тутумдашкан жерден түштүк-чыгышка карай (Нарын дарыясына чейин) 70 кмге ийилип жатат; туурасы 16 км, орточо бийикт. 3300 м, эӊ бийик жери 3896 м. Тоонун суу бөлгүчү тик, аскалуу, ортонку бийик бөлүгүндө байыркы мөӊгүнүн калдыктары ‒ тепши сымал өрөөндөр, төрлөр, мореналар кездешет. Түндүк капталы кыска, тереӊ тилмеленген тар капчыгайлуу келип, Кара-Кулжа суусуна тик түшөт. Түштүк жана түштүк-чыгыш капталдары жазыраак, капчыгайлуу, тарамдашкан жарлуу тоо тармактарын түзүп, Кара-Сууга (оӊ) жана Нарын дарыясына акырындап эӊкейиштейт, ортоӊку девондун, карбондун 1700 мге чейинки калыӊдыктагы кумдук, алевролит, сланец, акиташ, конгломерат тектеринен турат; алар кеӊдик багыттагы тектоникалык жаракалар менен бөлүнгөн. Тоодон Кара-Кулжа, Узун-Акмат, Кара-Суу (оӊ), Нарын дарыясынын көптөгөн куймалары башталат. Түндүк капталында аянты 4‒5 км2келген көл бар. Ландшафты бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт: жарым чөл жана талаа (2200 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2400 мге чейин), жаӊгак-жемиш токой аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2800 мге чейин), карагай, ак карагайлуу шалбаа (3000 мге чейин), субальп, альп шалбаасы (3600 мге чейин), андан жогору нивалдык -гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; жаӊгак жана ар кандай мөмө-жемиштер жыйналат. Кооз табиятын рекреацияда кеӊири пайдаланууга болот.