АТ-БАШЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТ-БАШЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ‒ 1931-жылы Ат-Башы районунда болгон элдин нааразылык козголоӊу. Негизинен Ат-Башыдагы черик уруусунун акчубак тукумундагылар катышкан. Ошол мезгилде айрым чек арачылардын элге жасаган шовинисттик мамилелерине, совет бийлигинин кулакка тартуу, мал-мүлктү ортолоштуруу саясатына нааразы болушкан жергиликтүүлөр Ак-Бейит сакчылар пунктунун (застава) начальнигин өлтүрүшкөн (эстелиги азыр да Ат-Башы айылында), Чеч-Дөбөдөгү сакчылар пунктуна кол салууга аракеттенишкен (союл, камчы, кетмен, күрөк, шылкетме менен куралданышкан). Чек арачылар замбирек менен тоону карай бир-эки жолу атканда эле алар кайра качышкан. Чек арачылар артынан түшүп, көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз кырган, айрымдары Кытайга кире качып кутулушкан.

                                                                                                                    Ы. Кадыров.