АТЫКАНОВ Арыстанбек Орозалиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТЫКАНОВ Арыстанбек Орозалиевич (1958-жылы туулган, Ош облусу, Араван району, Араван айылы) – медицина илимдеринин доктору (2001). КММИни бүтүргөн (1999). Эмгек жолун КР саламаттык сактоо министрлигинин Акушерлик жана педиатрия ИИИде лаборатория башчысы болуп иштөө менен баштаган. Кыргызстан адамдын репродукция илимий борборунда лаборатория башчы, бөлүм башчы, директордун орун басары; Б.Н. Ельцин атындагы КРСУда кафедранын профессору. Медаль менен сыйланган. Анын 85 илимий эмгеги, анын ичинен 3 монография, 2 методикалык сунуштар, 2 ойлоп табуунун патенти жарык көргөн. Эмг.: Структура, функция клеточных мембран при гипоксических состояниях у детей: монография. –Б., 1998.–160 с.