АТЧАНДАР АРМИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТЧАНДАР АРМИЯСЫ‒ граждандык согуш мезгилиндеги (1917‒22) Кызыл Армиянын кавалериясынын оперативдүү эӊ ири бирикмелери. 1-Атчандар армиясы (1919-жылы ноябрь ‒ 1923-жылы октябрь, командачысы С. М. Будённый) 1919‒20-жылдары анын ичинде Деникиндин, П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы операцияларга, советтик-польшалык согуштарга катышкан. 1-Атчандар армиясынын катарында кийин көрүнүктүү советтик аскер башчылары болгон С. К. Тимошенко, А. В. Хрулев, О. И. Городовиков, И. В. Тюленев, И. Х. Баграмян, К. С. Москаленко, А. А. Гречко кызмат кылган; 2-Атчандар армиясы (1920-жылы июль ‒ декабрь, командачысы О. И. Городовиков, кийинчерээк Ф. К. Миронов) Врангелдин аскерлерине каршы согушкан. Атчандар армиясы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде да массалык баатырлык көрсөткөн, ага «Гвардия» деген наам берилген. Армиянын татаал согуш техникасы менен жабдылышы Атчандар армиясынын жоюлушун шарттады.