АТТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТТИКА– тарыхый облус. Борбордук Грециянын түштүк-чыгышында жайгашкан. Аянты болжол менен 3808 км². Түнүндүктөн Беотия, батыштан Коринф мойногу аркылуу Мегарид жана Пелопоннес менен чектешет. Аттика аймагын адамдар неолит доорунда эле мекендеген. Аларды автохтондор (түпкү эл) деп аташкан. Алардын ата-бабалары байыркы ион уруусуна таандык. Бардык ион элдериндей эле Аттика шаарынын тургундары төрт урууга же класстарга (фила) бөлүнгөн: гелеонттор (ак сөөктөр), гоплиттер (жоокерлер), эгикорейлер (малчылар) жана эргадейдер (дыйкандар). Аттикада 12 көз карандысыз жамааттар союзу түзүлгөн. Алар: Кекропия, Элевсин, Декелея, Афидна, Браврон,Торикос, Китерос Сфетос, Кефисия, Тетраполис, Эпакрия, Тетракомия. Жамааттар союзунун борбору катары Афина шаары Аттиканын саясий түзүлүшүндө жана маданий турмушунда чечүүчү ролду ойногон. Аттикалыктар дыйканчылык (жүзүм, зайтун, арпа, буудай ж. б. дан эгиндери) мал чарбачылык (кой-эчки) жана кол өнөрчүлүк (карапа, металл иштетүү, кеме куруу) менен кесиптенишкен. Лавриондо күмүш, темир рудасы жана чопо казылып алынган, бул кол өнөрчүлүктүн жана сооданын алгачкы өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. Аттика акырындан Грециянын өнүккөн социалдык-экономикалык, саясий жана маданий аймактарынын бири болгон.
Ш. Керимова