АТРОПИН
Jump to navigation
Jump to search
АТРОПИН ‒ ит жүзүмдөр тукумундагы өсүмдүктөрдөн (меӊдубана, адырашман, чочко жаӊгак, белладонна ) алынуучу алкалоид. Атропиндин күкүрт, күкүрт кычкыл туздарынын суудагы эритмелери медицинада жараат, ичеги, өт жолдорунун ооруларына, бронх астмасында, көздү текшерүүдө каректи чоӊойтуу үчүн жана морфин, ацетилхолин ж. б. менен уукканда колдонулат. Атропин менен ууланганда, көздүн кареги чоӊоюп, тамырдын кагышы тездейт. Бул учурда ууккан адамга алгачкы жардам көрсөтүү (ашказанга суу же активдүү көмүр кошулган суу жүгүртүү) керек.