АТОНАЛДУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТОНАЛДУУЛУК (а… жана тоналдуулук ) ‒ тоналдуулуктун жоктугун билдирүүчү музыкалык термин. Белгилүү бир тоналдык борборду (тоника ) угууга мүмкүн болбогон музыкага карата колдонулат. Термин хроматизмди интенсивдүү пайдалануу, диатониканын 7-баскычынан, мажор менен минордон, консонанс ‒ тапшыруучу үч үндүктөн (к. Консонанс жана диссонанс ) баштартуу менен, ошонун натыйжасында тоналдуулуктун тутумдаш системасынан, модуляциянын жана тоналдык пландын мүмкүнчүлүгүнөн да баш тартуу менен байланышкан музыкалык чыгарманы жаратуучу музыкалык түзүлүштүн чоӊ областын камтыйт. Эпизоддук жактан тоналдык белгисиздик романтикалык гармонияда кезигет. 19‒20-кылымдар ченде музыкалык тилдин татаалданышынан улам Европада гармоникалык система пайда болгон. Атоналдуулукту негизинен додекафония, пуантизм, экспрессионизм сыяктуу чыгармачыл агымдар түзөт. А. Шёнберг, А. Берг, А. Веберн жана бир катар музыкалык теоретиктер «Атоналдуулук» терминин так эместиги үчүн сындашкан.