АТОМ ЯДРОСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТОМ ЯДРОСУ ‒ атомдун протон жана нейтрондон (нуклондон) турган өтө оор борбордук бөлүгү (99,95%). Ядронун өлчөмү 10‒13 ‒10‒12 смге барабар. Ядро оӊ электр зарядына ээ, анын заряды абсолюттук чоӊдугу боюнча электрондун зарядынын эселенген чоӊдугуна барабар: q=Ze, z ‒ элементтердин мезгилдик системасындагы элементтин (атомдун) катар номерине дал келет, e ‒ электрондун заряды. Атом ядросун англиялык физик Э. Резерфорд өзүнүн a ‒ бөлүкчөлөрдүн заттар аркылуу өткөндөгү тажрыйбасынын негизинде 1911-жылы ачкан жана атомдун ядролуу моделин сунуш кылган. Атом ядросу нуклондордон турат жана алардын жалпы саны A (массалык сан) протондордун (Z) жана нейтрондордун Ń сандарынын суммасына барабар: А=Z+N. Ядродогу протондордун Z саны ушул атомдогу электрондордун санына (элементтин катар номерине) барабар болот. Ядродогу нейтрондордун Z саны массалык сан менен протондун сандарынын айырмасына (N = A ‒ Z) барабар. Протондордун саны Z бирдей, нейтрондордун саны N ар түрдүү болгон ядролор изотоптор, ал эми бирдей сандагы нейтрондор жана ар түрдүү сандагы протондордон түзүлгөн ядролор изотоптор деп аталат. Атом ядросунун R радиусу андагы нуклондордун A санына пропорциялаш R=1,2.10‒15A1/3 м аныкталат. Суутек (A=Z=1) атомунун ядросунун өлчөмү R=1,2.10‒15 м ге барабар. Ал эми көп нуклондуу ядролордун өлчөмү R ≈10‒14 м ди түзөт. Атом ядросунун тыгыздыгы өтө эле чоӊ ≈ 1017 кг/м3га барабар. Атом ядросу андагы протондор жана нейтрондордун сандарынын катышына жараша турактуу жана туруксуз болот. Турактуулуктун формуласы төмөнкүчө аныкталат: Эгерде ядродогу протондордун Z саны, бул формуладан эсептелген ZТ менен дал келсе (Z=ZТ), мындай изотоптун ядросу турактуу болот (А ‒ нуклондордун саны). Эгерде изотоптордогу протондордун саны ZТ дан чоӊ же кичине болсо, мындай ядролор турактуу болбой, радиоактивдүүлүккө мажбур болуп альфа, бета же гамма нурларын чыгарып, башка туруктуу ядролорду пайда кылышат (к. Радиоактивдүүлүк ). Оор ядролордо (A>100 нейтрондордун саны көп болсо) туруксуздуктун натыйжасында, мындай ядролор болжолдуу экиге ажырап, αшондой эле β, ɣ нурларын жеӊил ядрого чыгаруу менен туруктуу ядролорго айланат. Мындай кубулушту немис окумуштуулары О. Ганн жана Ф. Штрасман байкашкан. Урандын U235 изотобу нейтрон менен кошулганда, ядролук реакциянын негизинде, массалары салыштырмалуу бирдей эки бөлүккө ажырап жаӊы ядролор жана эки нейтрон бөлүнүп, натыйжада чоӊ энергия бөлүнүп чыгарын көрсөтүшкөн:.

Мындай ар бир бөлүнүү реакцияларында эки нейтрондун пайда болушу, ядролордогу андан ары өзүн өзү колдоочу чынжырлуу реакцияларды алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул ачылыш ядролук реакторлорду куруп, ядролук энергияны алуунун негизи болуп калды.

Ад.: Зисман Г. И. Курс общей физики. Т. 3, М., 1972.

А. Марипов.