АТОМ СПЕКТРЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТОМ СПЕКТРЛЕРИ - эркин абалындагы же начар байланышкан атомдордун электр-магнит нурун бөлүп чыгаруудан же жутуудан алынуучу оптикалык спектрлер. Алар тыгыз эмес бууларда жана газдарда болот. Атом спектрлери нурлануу жыштыгы n менен мүнөздөлүп, ар бир сызыгы атом энергиясынын ei жана ek энергия деӊгээлинин ортосундагы өтүшүнө туура келет: ei ‒ek=hn, мында, h ‒ Планк турактуулугу. Атом спектрлери ачык көрүнгөн жекече касиетке ээ. Алардын көрүнүшү берилген элементтин атомунун түзүлүшү менен гана аныкталбастан, сырткы факторлору ‒ температура, басым, электр жана магнит талаасы ж. б. менен да аныкталат. Ал көзгө көрүнгөн, ультракызгылт-көк жана инфракызылга жакын спектр аймактарында байкалат. Аны бөлүп чыгаруу түрдүү жолдор аркылуу, башкача айтканда атомду дүүлүктүрүүдө, ал эми жутулуу туташ спектрдин нурлануусу атмосфера газ же буу аркылуу өткөндө алынат. Атом спектрлеринин жекече заттын сапаттык курамын аныктоо үчүн, ал эми нурландырылуучу атомдун топтолушунун, сызыктардын интенсивдүүлүгүнө көз карандылыгы заттын сандык курамын аныктоо үчүн пайдаланылат. Аны изилдөө атомдун түзүлүшү жөнүндөгү илимдин өнүгүшү үчүн өтө маанилүү.