АТОМ МАССАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТОМ МАССАСЫ , а т о м д у к с а л м а к ‒ химиялык элементтердин атомдук салмагынын бирдиги аркылуу туюнтулган салыштырмалуу мааниси. Бул түшүнүктү Дж. Дальтон киргизген (1803). 1869-жылы Д. И. Менделеев элементтердин касиеттеринин Атом массасына болгон көз карандылыгы жөнүндөгү мезгилдик законун ачып, анын негизинде бир топ элементтин Атом массасын тактап жана ал кезде ачыла элек элементтердин салмагын алдын ала айткан. Табиятта бир изотоптон турган элементтердин Атом массасы анын изотобунун массасына туура келет. Ал эми бир нече изотоптору бар элементтердики, ошол изотоптордун массасынын орточо мааниси менен эсептелет. Көпчүлүк элементтердин изотоптук курамына жараша салмагы да туруктуу болот. Ал химиялык элементтин эӊ негизги мүнөздөмөсүнүн бири. Анын бирдиги катары 1961-жылга чейин жаратылыштагы кычкылтек атомунун орточо массасынын 1/16 бөлүгү, ал эми 1961-жылдан көмүртек 12С изотобунун массасынын 1/12 бөлүгү алынган. Ал химиялык формулалар жана теӊдемелер аркылуу эсептөөлөрдү жүргүзүүдө жана бирикмелердин молекулалык салмагын табууда колдонулат.