АТОМ-СУУТЕКТҮҮ ШИРЕТҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТОМ-СУУТЕКТҮҮ ШИРЕТҮҮ‒ суутек менен ширетүү ыкмасы. Эки вольфрам электроддун (электр манжасынын) ортосундагы электрдик жаа жылуулуктун негизги булагы. Жаанын жогорку температурасынын (6000°Сге чейин) таасири астында суутек молекуласы (Н2) молекулалык абалдан атомдук (Н) абалга өтөт. Андан ары муздай баштаганда суутек кайрадан молекулага айланып, кошумча жылуулук бөлүү менен күйөт. Диссоциацияланган суутек металлды коргойт. Мына ошентип, дээрлик бардык металлдарды (жез жана жез кошулмаларынан башка) ширетүүдө бекем жана катуу жик салынат.