АТОМИСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТОМИСТИКА а т о м и з м ‒ материянын үзүлмө (дискреттүү) түзүлүшү жөнүндөгү окуу (атомдор, молекулалар ж. б. макробөлүкчөлөр). Материя үзүлмөлүү (дискреттүү) жана туташтык (үзүлбөгөндүк) биримдигинен тураарын түшүндүрөт. Атомистика жөнүндөгү окуу байыркы Индиянын философиялык агымдарында берилген. Кийинчерээк Левкипп, Демокрит, Лукреций, Эпикур ж. б. антикалык философтор толуктап жана бир негизге келтиришкен. Алар атомдор бөлүнгүс, чектүү жана эӊ майда бөлүкчөлөр, ал бардан жок болбойт, жоктон бар болбойт деп эсептешкен. Атомдордун аздыгынан же көптүгүнөн, салмагынан, ылдамдыгынан жана бири-бирине болгон жайгашуусунан заттардын Ааламдагы чексиз түрлөрү түзүлөт деп түшүндүрүшкөн. Атомистика идеясы экперименталдык табият таануу алкактарында, баарынан мурда химия менен физикада ар тараптуу иштерди жүргүзүү үчүн кубаттуу колдоого ээ болгон. Атом түшүнүгүнүн өзү мурдагы каймана, үстүрт көрсөтүүлөрдөн арылып, химияда элементтин хим. касиеттерин алып жүргөн ажырагыс бөлүгүн түшүндүрүп калды. Заттын бир же бир нече атомдордон турган эӊ кичине бөлүгүн молекула деп аташты. Атомистика табият таануунун кыйла фундаменталдуу проблемаларын чечүүгө жол ачты. Макротелолордун касиеттерин жана закондорун билүү менен атомдордун жана молекулалардын касиеттерин, кыймылын жөнөкөй жол менен түшүндүрүүгө боло тургандыгы аныкталды (химиялык реакциялардын табияты, жылуулуктун молекулалык-кинетикалык теориясы. Физиканын статистикалык закондору ж. б. у. с.). Энергиянын нур чыгаруу, жутулуу процесстеринин жана фотоэффекттин үзүлмө мүнөзүнүн ачылышы мүмкүндүк берди, аларда болсо кванттык талаалар атомдор сыпатында каралат.

                                                                                                            Г. Т. Ботоканова.