АТМОСФЕРАНЫН КӨРҮНҮМДҮҮЛҮГҮ
АТМОСФЕРАНЫН КӨРҮНҮМДҮҮЛҮГҮ‒ алыстагы заттарды күӊүрттөнгөн аба катмарларынан ажырата көрүүнүн мүмкүнчүлүгү. Ал күндүзгү, күүгүмдөгү жана түнкү болуп бөлүнүп, заттын канчалык даана көрүнүмдүүлүгү жана анын алыстыгы (горизонталь жана тик же жантык багыт боюнча) менен мүнөздөлөт. Изилдөөнүн практикалык мааниси транспортто (жол белгилеринин, самолёттор конуучу жана учуучу аянттардын көрүнүмдүүлүгү), топография (трангуляция лык белгилердин көрүнүмдүүлүгү) жана аскер иштеринде (чалгындоодо ж. б.) өтө чоӊ. Анын өзгөрүшү аба ырайына байланыштуу. Горизонталь боюнча заттардын көрүнүмдүүлүгү кээде 50 кмден ашат. Жайында жакшырып, кышында тумандуу жана жаан-чачындуу күндөрдө, бороон болгондо начарлап, заттар ондогон мге чейин гана араӊ көрүнөт. Заттардын көрүнүмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн дүрбү жана радиолокация пайдаланылат.