АТМОСФЕРАЛЫК ЭЛЕКТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРАЛЫК ЭЛЕКТР‒ 1) атмосферадагы электр кубулуштары менен процесстеринин жыйындысы; 2) атмосфера физикасынын атмосферадагы электр кубулуштары менен касиеттерин изилдөөчү бөлүгү. Атмосфералык электр атмосферадагы электр талаасын, молекулалардын иондошуусун, өткөргүчтүгүн, андагы электр тогун, көлөмдүк заряддарды, булуттар менен жаан-чачын заряддарын, чагылганды ж. б. кубулуштарды изилдейт. А т м о с ф е р а д а г ы э л е к т р т а л а а с ы. Аны тропосферадагы булут, жаан-чачын, туман, чаӊ ж. б. электр менен заряддалып пайда кылат. Жер терс (өлчөмү 3.105к), атмосфера жалпысынан оӊ заряддалган. Бирок жаан-чачында, бороондо, айрыкча чагылгандуу жаанда электр талаасынын чыӊалуу багыты жана чоӊдугу кескин өзгөрүлүп, кээде 1000 В/мге жетет. Электр талаасынын чыӊалуусу ортонку кеӊдикте жогорку деӊгээлде болуп, Түндүк, Түштүк уюлдарда төмөндөп, убакытка карата өзгөрүп турат. А т м о с ф е р а н ы н э л е к т р ө т к ө р г ү ч т ү ү л ү г ү. Ал атмосферанын электрдик абалы, анын электр тогун өткөрүшүнө байланыштуу. Ал атмосферада иондордун, башкача айтканда заряддуу бөлүкчөлөрдүн болушу жана алардын кыймылы менен түшүндүрүлөт. Абанын электр өткөргүчтүүлүгүн атмосферадагы бардык эле иондор пайда кылат, бирок оор иондордун кыймылы жеӊилдерине караганда бир канча эсе жай болгондуктан, алардын өткөргүчтүгү начар болот. Аба канчалык таза болсо, же деӊиз деӊгээлинен канчалык бийик турса, электр тогун ошончолук жакшы өткөзөт. Анткени мында иондор көбөйүп, алардын кыймылдоосу артат. Атмосферанын электр өткөргүчтүүлүгү өтө кичине, аны жакшы изолятор өткөргүчтүүлүгү менен салыштырууга болот. Жер үстүндөгү абанын электр өткөргүчтүүлүгүнүн орточо мааниси 2.10‒14 сим/м. Космостук нурлар, радиоактивдүү заттардын нурлануусу, Күндүн ультра-кызгылт көк жана корпускулярдык нуру ‒ атмененын негизги иондоштургучтары. Электр талаасынын чыӊалуусунан иондор козголуп, атмосферада төмөн карай тик багытталган электр тогу пайда болот. Бүткүл жер бети боюнча анын өлчөмү 1800 Аге жетет. Бир чагылгандуу булуттан Жерге түшкөн токтун күчү орто кеӊдиктерде 0,01‒0,1 А, экваторго жакын аймактарда 0,5‒1 Аге чейин болот. Булуттардын өзүндөгү токтун күчү Жерге өткөн токтун күчүнөн 10‒100 эсе чоӊ. Жер шарында бир эле мезгилде 1800гө жакын чагылган болуп, андагы токтун күчүнүн жалпы суммасы 1000 Аге чейин жетет.
Ад.: Тверской П. Н. Атмосферное электричество. Л., 1949.