АТМОСФЕРАДАГЫ ЖАНА ГИДРОСФЕРАДАГЫ ТУРБУЛЕНТТҮҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРАДАГЫ ЖАНА ГИДРОСФЕРАДАГЫ ТУРБУЛЕНТТҮҮЛҮК‒ аба жана суу агымдарындагы айрым бөлүктөрдүн кыймылынын иретсиздиги. Атмосферадагы абанын жана океан менен деӊиздеги суунун агымдарында, алардын кээ бир бөлүктөрүнүн алмашуусу закон ченемдүү кыймылда эмес, иретсиз татаал траектория боюнча жүргөндүктөн, кыймылдагы катмарлардын интенсивдүү буркандаган аралашуусун пайда кылат (к. Турбуленттүүлүк ). Үндүн абада таралбай калышы, жылдыздардын жымыӊдашы, учуп бара жаткан самолёттун ылдый түшүп кетүүсү турбуленттүүлүк менен түшүндүрүлөт. Турбуленттүүлүктү изилдөө айрыкча шаарларды куруу пландарын иштеп чыгууда (шаардын үстүндө түтүндүн же чаӊдын аз турушу, түтөтүүлөрдүн жардамы менен өсүмдүктөрдү үшүктөн сактап калуу ж. б. маселелерди чечүүдө) чоӊ роль ойнойт.