АТЛАХ САЛГЫЛАШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТЛАХ САЛГЫЛАШУУСУ--751-жылдагы Тан династиясы менен Араб халифатынын аскерлеринин согуштук беттешүүсү. 748-жылы Тан династиясынын аскерлери Суяб шаарын жана Шашты (Ташкент оазиси) басып алган. Арабдар Таразды ээлешкен, бирок кытайлардын курчоосунда калган. Араб аскер башчысы Саил ибн Хумейд Абу-Муслимден жардам сураган. Ушундай эле сураныч менен Шаштын кытайлар тарабынан өлтүрүлгөн шаар башчысынын уулу да кайрылган. Абу-Муслим Таразга Зияд ибн Салихтин башчылыгы алдында аскерлерин жиберген. Алардын алдынан Суябдан Чао Сянджи башкарган жүз миӊдей Тан аскерлери тосуп чыккан. Алар Талас суусуна жакын Атлах шаарынын жанында беттешкен. Бир нече күндүк кармашуудан кийин Тан аскерлеринин тылынан карлуктар, согуш майданынан ‒ арабдар сокку берген. Тан аскерлери чоӊ жоготууларга учураган. Араб тарыхчысы Ибн Ал-Асирдин маалыматы боюнча Атлахта кытайлардын 50 миӊи өлтүрүлүп, 20 миӊи туткунга алынган. Талкаланган аскерлердин калганы Талас дарыясын бойлой тоого качкан. Туткундардын көпчүлүгү Самарканд жана Иракка айдалган. Бул тарыхый салгылашуу жергиликтүү калктардын арабдар тарабында согушкандыгынын гана күбөсү болбостон, Кытайдын толугу менен артка чегинишинин жана Орто Азиянын Тан империясынан көз каранды эместигин бекемдеген.

Ад.: 1. Большаков О. Г. К истории Таласской битвы//Страны и народы. Вып. XXI, кн. 2, М., 1980. 2. Арабо-персидские источники о тюркских народах. Ф., 1973. 3. Караев О. К. Арабские и персидские источники о киргизах и Киргизии (IX‒XII вв.). Ф., 1968. 4. Бартольд В. В. К истории арабских завоеваний Средней Азии// Соч., т. II, М., 1964.

                                                                                                          Т. Жуманалиев.