АТКЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТКЫ‒ алгыр куштардын ичин тазалоо үчүн пайдаланылган көӊдөй түтүк. Ал жыгачтан же жорунун жото жилигинен жасалат. Алгыр куш семирип кетсе, же салар алдында жем жеп койсо, алгыр куштун оозун ачып туруп, ага Аткынын жардамы менен туздуу суу ичирет. Бир аздан кийин алгыр куштун ичи өтүп, ичи тазаланат.