АТКУУР
Jump to navigation
Jump to search
АТКУУР, ч е ӊ г е л ‒ ашкана буюму. Казандагы этти аткып сайып оодарууда, бышкан этти чыгарууда колдонулат. Ал жашык темирден тандалып, көбүнчө төрт ача, жумуру саптуу жасалат. Сабына зергерлер күмүш жалатып, оюм-чийим түшүрүшөт.