АТА БЕЙИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТА БЕЙИТ‒ саясий репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын сөөгү коюлган жер. Бул жерде (Бишкек шаарынан 30 км түштүк тарапта, Чоӊ-Таш айылынын жанында) 1938-жылы 5- жана 8-ноябрдын түнүндө 138 киши атылып, кыш бышыруучу чакан заводдун эски мешине көмүлгөн. Алардын катарында Кыргызстандын 20‒30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери ‒ Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Хасан Жээнбаев, Эркинбек Эсенаманов, Мурат Салихов, Султанкул Шамурзин, Иманаалы Айдарбеков , кыргыз адабияты менен искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Касым Тыныстанов ж. б. болгон. Бул массалык атуу менен жашырын көмүү 90-жылдардын башына чейин жашырын сыр катары сакталып келген. Алардын белгисиз бейити тууралуу Таш-Дөбө айылынын тургуну Бүбүра Кыдыралиева (тарыхый чындыкты калыбына келтирүүгө салым кошкондугу үчүн ал «Эрдик» медалы менен сыйланган) баяндаган. 1991-жылы 12-июнда сөөктөрдү казуу башталып, июль айында аяктаган. Алардын айрымдарынын чөнтөктөрүндө сакталып калган айыптоо бүтүмү, ошондой эле Кыргызстан мамлекеттик коопсуздук комитетинин жана СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин архивдериндеги материалдар боюнча атылгандардын кимдер экендиги такталып чыккан. Текшерүү көрсөткөндөй, коюлган күнөөлөр негизсиз болгон, «мойнуна алган билдирүүлөрү» адам чыдагыс кыйноо жолу менен алынган. Аларды кайра көмүүнү уюштуруу жана элесин түбөлүккө калтыруу максатында өкмөттүк комиссия түзүлгөн. 1991-жылы 30-августта Бишкекте аза күтүү митингиси болуп, андан соӊ репрессиянын курмандыктары алгач көмүлгөн жайга жакын жерге ариет-аза күтүү аземи менен коюлган.

Репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик. Ата-Бейит мемориалдык комплекси.

Алар коюлган жер Ч. Айтматовдун сунушу менен «Ата бейит» деп аталган. Жумурай журтка белгилүү болуп калган бул ыйык жайга Ата бейит мемориалдык комплекси курулган (эстелик 2000-жылы 14-июлда ачылган, комплекстин архитектору К. Алымкулов). Ата бейитке коюлган репрессиянын курмандыктары: Абдраимов Абдукадыр, Абдрахманов Абдрай, Абдрахманов Жусуп, Абдулаев Гариф, Айдарбеков Иманалы, Айтматов Төрөкул, Азизов Ахмет, Аипов Якуб Ахун, Акимов Азим Ахун, Алиев Ибраим, Алиев Осмонкул, Алимов Азиз Ахметжанович, Андрес Сергей Михайлович, Ахмет Ахунов Баки Ахун, Ахметов Мамаджан, Байбосунов Иса, Байбосунов Сартбай, Бакиев Мамут Ахун, Белоусов Иван Захарович, Белошицкий Борис Васильевич, Бенгард Федор Егорович, Бергман Петр Юлиусович, Боровой Иван Григорьевич, Булатов Абдрахман, Булатов Юсуп Исхакович, Валл Вильгельм Давыдович, Ван-Дзи-Ван-Чан-Лин, Ван-Лин-Ван, Гольцев Петр Николаевич, Горбачевский Владислав Юлианович, Дейс Фридрих Готфридович, Джавгошпаев Умуралы, Жамансариев Асанбай, Жээнбаев Хасан, Жумаев Омор, Достаев Токтосун, Зайдель Нотта Янкель Беркович, Зиновьев Яков Павлович, Зульфибаев Дали, Зунун Давлет, Зунунов Хасан Ахун, Иманбаев Мукаш, Имин Ахунов Исмет, Исакеев Баялы, Исмаилов Ибраим Ахун, Исмаилов Сакмамбет, Исмаилов Тохта Ахун, Камбаров Курман, Кан-Тай-Дю, Каримов Юсуп, Качибеков Абдулла, Кашеваров Сергей Афанасьевич, Кененбаев Керим, Киргизбаев Бахирдин, Котляров Даниил Иванович, Креницкий Людвиг Казимирович, Кузьмин Иосиф Иванович, Кулназаров Нуркул, Лепин Артур Янович, Ли-Ха Сами, Лиценмайер Владимир Августович, Лузанов Михаил Николаевич, Лу-Чан-Той, Лю-Же-Чин, Люфинг Егор Емельяно вич, Люфт Константин Александрович, Львов Павел Константинович, Магаз Арзы, Магай Андрей Иннокентьевич, Маметов Ахмет, Мамояров Кадыр, Мельденбергер Иосиф Иванович, Миллер Теодор Теодорович, Молдогазиев Акимхан, Мурабединов Идаит-Ахун, Мусабаев Ашур Ахун, Мухамедов Ашим, Насыров Бахтин, Насыров Майлякули, Нур Ахунов Курман Ахун, Нурдинов Гапирджан, Нурматов Керим, Өмүркулов Жоробек, Ошуров Аит Ахун, Полинкаш Андрей Амбросович, Прохоров Григорий Антонович, Рихтер Михаил Эдуардович, Сагынбаев Касым, Сакенов Ниязалы, Салихов Мурат, Сарбанов Ченгиш, Серикбаев Нурдин, Скалицкий Иосиф Францевич, Сулейманов Чекуш, Султанбеков Ешбай, Суфиев (Сопиев) Имин, Талипов Юсуп, Таранченко Григорий Филиппович, Тарковский Биакий Адзилович, Таша-Ахунов Юсуп Ахун, Токтосунов Муса, Тохтаев Бакры, Тохтахунов Исмаил Ахун, Тохтаев Сыдык, Турдахунов Тохта-Ахун, Турдиев Имин Ахун, Турды-Ахунов Ахмат Ахун, Тыныстанов Касым, Усманов Усаин, Ходжимамабаев Сабит, Ходжанов Мамет, Худайбердиев Ибраим, Хунлава Харти, Чалов Самат, Ченгазиев Алыбай, Чепизубов Петр Павлович, Чонбашев Сыдык, Чормаков Ахматбек, Чуруков Алахун, Шабдамбеков Умуралы, Шамурзин Султанкул, Шарипов Садык, Шафиков Шакир Галимович, Шевелев Александр Иванович, Шоруков Кожокан, Эсенаманов Эркинбек, Эсенаманов Тагай, Юлдашев Каримжан, Юн-Сан-Син, Юрчев Борис Емельянович, Юсуп Ахунов Садык Ахун, Юсупов Абдулла, Юсупов Шарип Ахун, Янишевский Александр Николаевич, Янцен Генрих Генрихович, Яцковский Бронислав Стефанович.

                                                                                                                  А. Л. Тузов.