АТА-ЭНЕЛЕР КОМИТЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТА-ЭНЕЛЕР КОМИТЕТИ‒ мектеп менен дайыма байланыш жасоо үчүн уюштурулган ата-энелердин коомдук уюму. Ал ата-энелер тарабынан сунушталып, бир жылдык мөөнөткө шайланат. Анын жетекчиси педкеӊештин мүчөсү болот. Комитеттин иш планы мектептин жалпы иш планына ылайык окуу жылына же жарым жылга түзүлөт. Комитет ата-энелер менен байланышып, мектептин окуу-тарбия иштерин жакшыртууга, материалдык базасын чыӊдоого жана жалпыга милдеттүү окуу мыйзамын турмушка ашырууга көмөк көрсөтөт.