АТАПАСКАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТАПАСКАЛАР , а т а б а с к а л а р (өздөрүн дене, дине деп аташат) ‒ Түндүк Америкадагы атабаск тилинде сүйлөгөн индей элдеринин тобу. Жалпы саны 220 миӊ, анын ичинде 204 миӊи АКШда (2011). Дини христиан (протестанттар,католиктер).

АТАПАСКАЛАР22.png

Атапаскалар Түндүк Чыгыш Азиядан Америкага (б. з. ч. 5‒4 миӊ жылдык) көчүп келгендердин тукумдары. Отурукташуу процессинде Түндүк Атапаскалар, Тынч океандык Атапаскалар, Түштүк Атапаскалар болуп, 3 топко бөлүнгөн. Түндүк Атапаскаларга: Чыгыш Атапаскалар (чипевайан, тацанотнидер же йеллоунайф, слэивдер, догриб, каучадиндер же хэйр, дэнеза же бивер), Атапаскалар Кордильер (секандары, талтандар, цецаут, кучиндер, карриер, тутчондор, чилкотиндер ж. б.), аляскилик Атапаскалар (кенайлар же танаймалар, танана, атна, коюкон, ингаликтер, колчан) кирген. Түндүк Атапаскалардын салттуу маданияты субарктикалык индейлер үчүн типтүү болгон. Түндүк Атапаскалар башка индейлерден резервацияларга көчүрүлбөстөн, байыртадан мекендеген аймактарда жашагандыгы менен айырмаланган. Тынчокеандык Атапаскаларга: колумбиялык Атапаскалар (квамеоква жана клацканайлар), калифорниялык Атапаскалар (хупа, чилула, вилкут, маттол, бэр-ривер, вайлактар, лассик, като ж. б.), орегондук Атапаскалар (жогорку умыква, коквилл, частакоста, тутутналар, галис, апылгейт ж. б., о. эле Калифорниянын түндүгүндө жашаган толовалар) таандык. Орегондук Атапаскалардын көпчүлүгү 1850-жылы Силен жана Гранд-Ронд резервацияларына көчүрүлгөн. Тынчокеандык Атапаскалар б. з. 1-чи миӊ жылдыгынын ортосунда Түндүк Калифорнияга жана Түштүк Орегонго, Түштүк Атапаскалар (апачилер жана навахолор) 14‒15-кылымдарда Субарктикадан АКШнын түштүк-батышына миграцияланган. Атапаскалар негизинен аӊчылык, жер-жемиш жыйноочулук менен кесиптенишип, үстү тери менен жабылган, конус тибиндеги жер үйлөрдө жашашкан. Атапаскалардын кийимдеринен шымдары бут кийим менен бириктирилип тигилгендиги менен өзгөчөлөнгөн. Атапаскаларда 20-кылымга чейин энелик уруунун белгилери сакталган.

                                                                                                              Ш. Керимова.