АТАНТАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТАНТАЙ Рыскул (Рыскулбек) уулу (18-кылымдын аягы ‒ 19-кылымдын 1-жарымы) ‒ Нарын аймагындагы кыргыздардын Цин империясы жана Кокон хандыгына каршы боштондук күрөшүн жетектеген кол башчылардын бири. Нарын өрөөнүндөгү чоро саяк уруусунан чыккан элдик баатыр Тайлак баатырдын агасы. Кытай жазма маалыматтарында Атантай, Тайлактын агасы Байбагыш жана алардын чоң атасы Жанболоттун Цин бийлигине каршылыктары тууралуу кабарлар бар. 18-кылымдын орто ченинде Цин аскерлери Чыгыш Түркстанды басып алышынан баштап, мезгил-мезгили менен жергиликтүү калктын каршылыгына учурап турган. Мындай абал өзгөчө 19-кылымдын башында курчуп чыккан. 1816-жылы Ташмалыктын акими Зия ад-Дин көтөрүлүш чыгарып, бирок жеңилип калган. 1821-жылы Жааңгер кожо Кашкарга 2-ирет жортуул жасап, андан майнап чыкпай, адегенде Алайга чегинген. Ал жердеги кыргыздардын жардамы менен 1824-жылдын кыш мезгилинде Кашкарга жакын Улутагдагы (Улуу-Тоо) кытайлык кароолго кайрадан чабуул койгон. Сан жагынан артыкчылык кылган цин аскерине күч жетпей, Тогуз-Тородогу Атантай, Тайлактын айылына келип жашырынган. Цин бийлиги жергиликтүү кыргыз бийлерине бир нече жолу белек-бечкек жиберип, Жааңгерди кармап берүүнү талап кылган. Алардан жакшылыктуу жооп болбой, кийин Жааңгер жыйырма чакты жан-жөкөрү менен Курткадагы Атантай, Тайлактын айылында  жүргөнүн угуп, 1825-жылы күзүндө аны кармап келүүгө Баянбату баш болгон 500 (башка кабарда 700) жоокер жөнөткөн. Алар түнкүсүн Тоюн суусун жээктеп келип, Нарын дарыясынын жээгиндеги Тайлак менен Атантайдын  айылдарына капысынан кол салган. Бирок бул учурда алар айылында болгон эмес, ага карабай айылдагы жүздөн ашык кары-картаң, жаш балдарды кырып кетишкен. Атантай аларды кууш капчыгайдан тосуп туруп, толук кырып, жалгыз жоокерин аман калтырган. Цин отрядынын талкаланышы Жааңгер кожого кошумча дем берип, 1826-жылы жай айында анжияндык 500 жоокер менен кыргыздардан көп кол алып, Ак-Бейит аркылуу келип, алгач Ыштык (Ислык) жана Тешикташтагы (Тушукташ) кароолдорду талкалап, Кашкар багытына түшкөн. Натыйжада Цин бийлигине каршы Чыгыш Түркстанда туташ көтөрүлүш башталган. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик император Даогуанга (1820–1850) кыргыздар (бурут) менен келишип алган Жааңгердин көтөрүлүш чыгарганын кабарлашкан. Атантай, Тайлак кол башчылык кылган кыргыздар адегенде Котон, андан Үч-Турпан тарапка өтүп, 1827-жылы мартта Барчыкты ээлешкен. Бирок курал-жарак, ок-дарынын жетишсиздиги өлкөнүн ич жагынан келген ири аскер күчтөрүнө туруштук берүү кыйын болгон. 1827-ж. эрте жазда Жунтаң кол башчылык кылган 70 миң аскер Кашкар, Жеркен, Котон, андан кийин Кашкарды алышкан. Жааңгер кожо кайрадан Атантайдын айылына келип жашынып, андан түштүк тарапка өтүп кеткен. Императордун атына жиберилген докладдарда Атантайдын алыс көчүп кеткени айтылат. 1830-жылы Атантай, Тайлак Жааңгердин иниси Жусуп кожого жардам берип, Кашкарды кайрадан камоого алышкан. Бирок, күч жетпей, кайрадан артка кайтышкан. 1831-жылы эрте жазда Аккулу (Хак-кулу) кушбеги башында турган кокондук 7 миң аскер Нарынга жүрүш жасаган. 1832-жылы алар Нарын капчыгайын өрдөп келип, Атантай, Тайлакты колго түшүрүп, Коконго алып кетишкен. Тукундан бошогондон кийин Атантай айылын Илеге көчүрүп кеткен. Бирок ал жакта көп турбай, кайта Нарынга келип, бир топ жыл Кокон хандыгына каршы күрөшкөн.  

Ад.: Валиханов Ч. Ч. О восстании в Кашгаре в 1825‒1826 гг. /Собр. соч. в пяти томах. Т. 2. А.-А., 1985; Ошонуку эле. О состоянии Алтышара или шести восточных городов китайской провинции Нан-Лу (Малой Бухарии) в 1858–1859 годах. Валиханов Ч. Ч. /Собр. соч. в пяти томах. Т. 3. А.-А., 1985; Кузнецов В. С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии (вторая половина XVIII - первая половина XIX в.). Новосибирск 1983; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Бишкек-Москва, 2004.