АТАНТАЕВ Истанбек Акматович
АТАНТАЕВ Истанбек Акматович (1951-жылы туулган , Талас облусу , Талас району, Манас айылы ) – экономика илимдеринин доктору. 1973-жылы ФПИ бүткөн. 1974–91-жылдары ФПИде окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, факультеттин деканы, 1991–95-жылдары И. Разаков атындагы КМТУда институттун директору, проректору, 1995–2018-жылдары КРдин транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы экономикалык саясат башкармалыгнын жетекчиси, Ж. Баласагын атындагы КУУнун проректору. Атантаев 90дон ашык илимий эмгектин, анын ичинен 3 монография, 1 окуу китеби жана 5 окуу куралынын автору. 10 илимий эмгеги Германияда немец тилинде жарык көргөн.
Эмг.: Основы организации бизнеса: учебник. – Бишкек: “Турар”, 2002.–221 с.