АТАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТАНА ‒ Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Мавлянов айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кербен шаарынан 18 км түштүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 60 км. Деӊиз деӊгээлинен 960 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 313 (2022); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, оорукана, дарыкана, базар бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.