АТАКАМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТАКАМА ‒ Чилинин түндүгүндөгү чөл. Тынч океанды жээктей 22‒27° түштүк кеӊдиктеринин аралыгында жайгашкан. 22° түштүк кеӊдиктен түндүктө Тамаругаль деп аталат. Атакама чөлүнүн пайда болушу, анын субтропиктик антициклондун чыгыш бөлүгүндө жайгашкандыгына байланыштуу. Климаты тропиктик, пассаттык, перу муздак агымынын таасиринен салыштырмалуу салкын. Жылдык жаан-чачыны 50 ммден аз (материктин эӊ кургакчыл жери). Атакама аркылуу Лоа дарыясы агат. Негизинен кум жана шор топурактуу; сейрек бадал жана кактус өсөт. Натрий жана калий селитрасы, йод, кайнатма туз, жез (Чукика-мата, Эль-Сальвадор ж. б.) кендери бар. Атакама индейлер тилинде ‒ «чөлдүү жер» дегенди билдирет.