АТАЙЫН ФУНКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТАЙЫН ФУНКЦИЯ - математиканын түрдүү бөлүмдөрүнүн, математикалык физиканын маселелерин чыгарууда көп кездешүүчү функциялардын классы. Атайын функция даражалуу катарлар, чексиз көбөйтүндү, удаалаш дифференциалоо, дифференциал, айырмалык интеграл жана функционалдык теӊдемелер, тригонометриялык катарлар ж. б-дын жардамы менен аныкталышы мүмкүн. Атайын функциянын кыйла маанилүү классына бета-, гамма-, дзета-функциялар, гипергеом., параболалык цилиндр функциялары Бессель, Лежандр, Ламе, Матье функциялары, интегралдык синус, интегралдык косинус, толук эмес гамма-функция, ыктымалдык интегралы, эллипстик интеграл, Римандын дзета-функциясы , автоморфтук функция ж. б. кирет.

Ад.: Прудников А. П., Брычков И. А., Маричев О. И. Интегралы и ряды. Специальные функции. М., 1983.

Б. Назаркулова .