АТАЙЫН ПЕДАГОГИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТАЙЫН ПЕДАГОГИКА ‒ кем мүчөлүү балдарды окутуу жана тарбиялоо жөнүндөгү илим. Балдардын физиологиялык, психологиялык өнүгүшү, айлана-чөйрө жана чоӊдор менен болгон мамилеси тууралуу ата мекендик жана чет элдик ар тараптуу изилдөөлөргө негизделет. Атайын педагогика балдардын категорияларына карай сурдопедагогика дүлөй, дудук; тифлопедагогика сокур, олигофренопедагогика кем акыл; логопедия кекеч, келегей балдарды тарбиялоо сыяктуу бөлүктөрдөн турат. Жалпы алганда педагогиканын аталган түрлөрүнүн бардыгы биригип дефектология илимин түзөт.