АТАЙЫН МЕКТЕПТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТАЙЫН МЕКТЕПТЕР ‒ кем мүчөлүү же психикалык жактан кемчилдиги бар балдар үчүн жалпы билим берүүчү мектептер. Аларга дүлөй, сокур, начар көргөн, акылы кем, кекеч, полиомиелиттин кесепети бар ж. б. өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн ачылган мектептер кирет. Аялуу балдардын ар бир категориясынын психикалык жана дене өнүгүшүнүн мыйзам ченемдерин, өзгөчөлүктөрүн жана таанып-билүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн тереӊ, комплекстүү изилдөөнүн натыйжасында мындай мектептердин ондон ашык тармагы түзүлгөн. Алар билим берүү министрлигинин карамагында мектептерди түзүүнүн жалпы принциптеринин негизинде уюштурулат, бирок структурасы, режими, тарбиялоо жана окутуу ыкмалары өз алдынча өзгөчөлүктөргө ээ. Атайын окуу планы, программасы, окуу китептери бар, аларда атайын дефектологиялык билими бар мугалимдер иштейт. Окуучулар бөлүнгөн категорияларына жараша жалпы билим алуу менен бирге кесипке даярдалат. Бул мектептердин негизги милдети балдардын психикалык же дене бою жагынан кемчил өнүгүшүн оӊдоо болуп эсептелет, ошондуктан анын ар бир тибинин өзүнчө айырмалуу милдеттери бар.