АТАЙЫН КИЙИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТАЙЫН КИЙИМ ‒ иш убагында, өндүрүш жайларда, айыл чарбасында кездешүүчү зыяндуу заттардан, кооптуу факторлордон адам денесин коргоого арналган кийимдер. Ал организмдин температурасын туруктуу бир деӊгээлде кармап, зат алмашууну бузбай, ным, аба өткөрүп, химиялык заттарды, техникалык майларды, чаӊды ж. б. зыяндуу заттарды өткөрбөөчү сапатка ээ болуш керек. Колдонулушуна жараша бир нече топко бөлүнөт: дене коргоочу костюмдар (пневмокостюм, суу өткөрбөөчү костюм, скафандр), дем алуу органдарын коргогучтар (противогаз, респиратор ж. б.), бут кийимдер, калкан, башты коргоочу (каска, оттон, газдан ж. б. сактоочу баш кийим). Радиоактивдүү жайларда иштегендерге комбинезон, костюм, анын үстүнөн халат, алжапкыч, радиациясы өтө жогору болсо жылчыксыз, ичине таза аба үйлөтүлүп туруучу атайын костюм берилет. Ар бир ишкана зыяндуу өзгөчөлүгүнө байланыштуу Атайын кийим менен камсыз болот. Алар өз алдынча мамлекеттик үлгүгө же техникалык көрсөтмөгө ээ. Ошонун негизинде Атайын кийим коргоо белгиси ‒ эмблемасы менен айырмаланат.