АТАБЕК ДАТКА
АТАБЕК ДАТКА (туулган жылы белгисиз – 1875-жылдан кийин) – Кокон хандарына кызмат кылган белгилүү датка. Ата-теги тууралуу так маалыматтар азырынча жокко эсе. Айрым кабарларда алайлык кыргыздардын ичиндеги баарын, экинчи бирөөндө Чаткал өрөөнүндөгү саруу урууларынан чыкканы айтылат. Мадали хандын (1822–1842) тушунда 13 жыл бою Олуя-Ата чебин бийлеп, Шераалы хандын учурунда (1842–45) ордонун өзүндө кызмат аткарган. Кокондун кезектеги ханы (1858–1862) Мала хан 1858-жылы Атабек датканы кайрадан Олуя-Ата чебинин башчысы кылып дайындап, Чүй – Ысык-Көл өрөөндөрүн анын карамагына берген. Ошол эле жылы май айында Атабек датка 5000 кокондук аскер (сыпай) менен Чүй суусун бойлоп келип, солто жана сарыбагыш урууларынын манаптарын кокон ханына баш ийүүгө чакырган. Бирок Верный чебинен куралчан орус аскери чыкканы угулганда, Пишпек чебине кайтып кеткен. Бул жерден Кокон ханынын кол алдындагы мусулмандарды коргоо үчүн жакында каапырларга каршы ыйык казатка чыга турганын эскертип, Ала-Тоо округунун башчысы подполковник М. Д. Перемышльскийге бир нече кат жолдогон. 1960-жылы июль айынын башында Атабек өзү, Алишер датка (Мерке коргонунун башчысы), Үрүстөмбек парваначылар кол башчылык кылган 3 миң кокондук аскер орустар аскери турган Каштек чебине кол салган. Бул салгылашууда кыргыздын солтонун талкан уруусунан Байтик, Султанбай, бөлөкбайдан Абайылда бий, сарыбагыштан Жантай сыяктуу манаптар кокондуктарга чоң жардам берген. Чепти ала албай кайтып бара жатканда Атабек датка Шабдан баатырды өзү менен Ташкентке ала кеткен. Шабдан ал жакта Мала ханга эки жылдай кызмат кылган. 1860-жылы август айында кокондуктарга жооп катары полковник А. Э. Циммерман кол башчылык кылган 15 замбирек менен куралданган 1750 орус аскери Токмок, Пишпек чептерин талкалоо үчүн атайын жүрүшкө аттанган. Пишпек чебинин башчысы Атабек датка орус аскери Чүй боюна келгенин кабарлоо үчүн аны жашыруун тапшырма менен Ташкентке чабарман жиберет. Олуя-Атага жеткенде, чептин башчысы Шадыбек датка орус аскеринин аттанып чыкпай калганы тууралуу кабар келгенин айтып, чабарманды токтотуп калган. Ошону менен Ташкенттен аскер жардамы келбей Токмок, Пишпек чептери талкаланып, Ханкулу (Токмок чебинин башчысы) жана Пишпек чебин коргоп жаткан Атабек, Алишер даткалар туткунга алынып, Верныйга жиберилген. Ал жерден Ч. Валихановдун жеке кийлигишүүсү менен бир жылга жетпей Атабек, Алишер даткалар бошотулуп, өз элине кайтып кетишкен. Кайтып келгенден кийин Атабек датка кайрадан Олуя-Ата чебинин беги болуп дайындалган. Ал жерден Чүй жана Талас өрөөнүндөгү кыргыздарды бириктирип, орус бийлигине каршы көтөрүүгө аракет жасаган, бирок андан майнап чыккан эмес. 1863-жылы августта Ташкенттин бектигине бекитилген Шадман кожо Атабек датканы өз алдына чакыртып алып, Олуя-Ата чебин Шадыбек даткага берген. Ушул жылдан баштап Кокон хандыгына үч жолу хан болгон (1844–58; 1862–63; 1865–75) Кудаярдын ордосуна келип, анын эң жакын кеңешчисине айланган. Ал ошол кезден баштап мыкты куралчан орус аскерине каршы туруу мүмкүн эместигин түшүнүп, муну менен кошо Кокон хандыгын сактап калууга жасаган аракетин уланта берген. Кудаяр ханга да дал ушундай кеңеш берип, орус элчилерин тосууларга катышкан. Ошол эле учурда кокондук жөө аскер жана артиллерияга башчылык кылып, 1871-жылы эрте жазда Сох өрөөнүндө жашаган кыргыздар Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө чыкканда аны басуу үчүн Атабек башында турган 2 миң сарбаз жөнөтүлгөн. Бирок көтөрүлүш чыгаргандар бийик тоолорго чегинип кетип, колго түшкөн 12 кыргыз дарга асылган. 1875-жылдагы орус жазма маалыматтарында Атабек датка Кудаяр хандын жанында жүргөнү айтылат.
Э. Турганбаев
Ад.: Описание военных действий в Заилийском крае в 1860 г. и журнал осады хокандской крепости Пишпек. СПб. 1861; Очерки Коканскаго ханства //Туркестанский сборник. №7, 1868 год; Алибеков М. Домашняя жизнь последнего кокандского хана Худаяр-хана //Ежегодник Ферганской области. Т. 2. Новый Маргелан, 1903; Джамгерчинов Б. Присоединение Киргизии к России, М., 1959; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.– М. 2004.