АТААНДАШТЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТААНДАШТЫК‒ товар өндүрүүчүнүн өз кызыкчылыгын канааттандыруу, товардын сапатын жакшыртуу, көп пайда табуу максатын көздөгөн экономикалык эрегишүүсү. Атаандаштык рынок экономикасы шарттай турган объективдүү мыйзам ченемдүүлүк болуп саналат. Ал эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, өндүрүш чыгымдарын азайтуу, илимий-техникалык прогрессти, экономикадагы уюштуруучулукту, структуралык өзгөрүүлөрдү ыкчамдатуу, жаӊы техниканы жана алдынкы технологияны, жогорку квалификациядагы кадрларды пайдаланууну, ошондой эле экономикалык субъекттердин өндүрүмдүү аракеттенүүсүнө зор көмөк көрсөтүүнү, рынок мамилесинде үстөмдүк кылууну шарттайт. Ал эркин, олигополиялык, буюмдук, функциялык, нарктык жана нарктык эмес болуп айырмаланат. Э р к и н Атаандаштык ‒ товар өндүрүүчү менен керектөөчүнүн базар маалыматтары боюнча олуттуу иш-аракеттери. О л и г о п о л и я л ы к Атаандаштык ‒ базардын кыйла бөлүгүн ээлөө максатында ири субъекттердин эрегиши. Б у ю м д у к Атаандаштык ‒ товар өндрүүчүлөрдүн окшош, бирок кайсы бир сапаты жакшы товар өндүрүшү. Ф у н к ц и я л ы к Атаандаштык ‒ керектөөчүнүн талабын канааттандыруу үчүн ар кандай ыкманы пайдалануу менен товар өндүрүүчүлөр эрегиши. Н а р к т ы к Атаандаштык ‒ товар өндүрүүчү товарын атаандашына караганда кыйла төмөнкү баада сатуу жолу. Н а р к т ы к э м е с Атаандаштыкта өндүрүүчү товардын сапатын жакшыртуу жолу менен эрегишет .