АТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТА‒ 1) балалуу болгон эркектин сыймыктуу аты. Ата кыргыздарда жакындыкты, туугандыкты да түшүндүрөт. Ата балдарына карата бир нече түргө бөлүнөт: чоӊ Ата ‒ атасынын атасы; тай Ата ‒ энесиники; аяш Ата ‒ атасынын досу же өзүнүн досунун атасы; киндик Ата ‒ бала төрөлгөндө анын киндигин кескен аялдын күйөөсү; өгөй Ата ‒ энесинин кийинки күйөөсү; кайын Ата ‒ аялынын атасы; өкүл Ата, ошондой эле өкүл апа ‒ жаӊыдан никелешкенде ата-энесинин жана өздөрүнүн каалоосу боюнча (айрым жерлерде келинге ‒ күйөөсүнүн туугандарынан, күйөөсүнө ‒ келиндин төркүндөрүнөн) дайындалган калыс өкүлдөр; жети Ата же ата-баба ‒ чоӊ Атанын атасы буба, бубаныкы ‒ баба, бабаныкы ‒ жото, жотонуку ‒ кубаары, аныкы ‒ жете, жетеники ‒ тек. Андан ары урук, уруу, улут болуп кетет. Кыргызда «жети Атасын билбеген ‒ жетесиз кул» деп айтылат жана жети Ата өтмөйүнчө кыз алышууга тыюу салынат. 2) Жалпы эле улгайган эркекке карата урматтап кайрылуу. 3) Мифтик түшүнүк боюнча үй айбандарынын колдоочусу. Мисалы, чолпон Ата (койдуку); камбар Ата (жылкыныкы); чычаӊ Ата (эчкиники); ойсул Ата (төөнүкү); 4) Өнөргө, акылга байланыштуу улуу, сыймыктуу деген мааниде колдонулат. Мисалы, күү Атасы Камбаркан; эл Атасы ‒ алп Манас; калк Атасы ‒ эр Бакай; сын Атасы ‒ Толубай; ыр Атасы ‒ Токтогул ж. б. 5) Ата мекен ‒ туулуп өскөн жер, ошондой эле Ата конуш же Ата журт ‒ ата-бабасы жердеп келген жер.