АСЫРАНДЫ БАЛДАР ҮЙҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСЫРАНДЫ БАЛДАР ҮЙҮ ‒ ата-энеси жок же үйдөн качып жүргөн балдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай. Кароосуз калган балдар үчүн биринчи асыранды үйдү швейцариялык педагог Песталлоцци түзгөн. Биздин өлкөдө балдардын «Ак жол» асыранды үйү Бишкек шаарында уюштурулган (2000). Мында мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар убактылуу жашап, билим-тарбия алышат.