АСЫЛ ТУКУМ МАЛ ЧАРБАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСЫЛ ТУКУМ МАЛ ЧАРБАСЫ ‒ белгилүү бир асыл тукум мал асыроочу чарба. Малдын асыл тукумдуулугун жана кунардуулугун арттырып, колдогу малды жакшыртуу жана жаӊы порода, породалык тип, линия жана тукум чыгаруу боюнча иш жүргүзөт. Ал асыл тукум мал заводу, чарбасы жана фермасы болуп бөлүнөт. Заводдордо мал породасынын тукумдуулугун улам жакшыртуу иши жүргүзүлөт . Порода кунардуулугу боюнча орточо деӊгээлинен жогорку, эӊ мыкты, таза кандуу элита жана 1-класстагы топтору болот. Анда малдын төлү заводдун өзүндө, ошондой эле башка чарбанын малын толуктоо жана жасалма жол менен уруктандыруу ишканаларын тукумдук эркек мал менен камсыз кылуу үчүн колдонулат. Заводдо породанын колдогу линиясы жакшыртылып, жаӊы линия, тип же порода чыгарылат. Бул чарбалардагы малдын төлү андагы малды толуктоо үчүн жана товардык мал өстүрүүчү чарба менен фермаларда пайдаланылат. Кыргызстанда кыргыз уяӊ жүндүү кою М. Н. Лущихин атындагы асыл тукум кой заводунда чыгарылып, «Каттаталдык», Кочкор, «Оргочор» асыл тукум кой заводдорундагы кой фермаларында көбөйтүлүп, тукуму жакшыртылган. Тянь-шань асыл тукум мал заводунда чыгарылган жарым уяӊ жүндүү тянь-шань кою Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо райондорунда асыралууда. Жарым кылчык жүндүү, куйруктуу алай кою Алай райондагы мурдагы «Кашка-Суу» асыл тукум мал заводунда чыгарылган, азыр фермердик чарбаларда өстүрүлүүдө. Ала-Тоо ую Стрельникова атындагы асыл тукум уй заводунда жана Сокулук тажрыйба чарбасында асыралууда. Уйдун Олуя-Ата тукуму Талас өрөөнүндө чыгарылып, өстүрүлүүдө. Кыргыз жаӊы жылкысы Нарын, Талас, Ош жылкы заводдорунда, Дон жылкысы менен таза кандуу миӊги жылкы Ысык-Көл № 54 мамлекеттик асыл тукум жылкы заводунда асыралат .

А. Ажыбеков .